Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 29-майда өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөрдун күнү менен куттуктады. «Кыргызстандын аскер күчтөрү мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө каршы жасалган ар кандай аракеттерди толугу менен токтотууга даяр! Биздин жоокерлердин тайманбастыгы жана эр жүрөктүүлүгү сырткы душмандардын мизин кайтарарына бекем ишенем» - деп белгиледи Өлкө башчысы.
«Мамлекеттин өзгөчө маанилүү жана артыкчылыктуу милдеттеринин бири - кесипкөй аскер кызматкерлеринин социалдык статусун жогорулатуу максатында аскер кызматчыларын кепилденген жана толук социалдык камсыздандыруу. Бул чара аскер кызматкерлеринин жашоо деңгээлин жана сапатын жакшыртууга өбөлгө болот. Мамлекет Куралдуу күчтөрдүн аскердик күжүрмөндүгүн андан ары бекемдөө үчүн бардык аракеттерин жумшайт», деп ишендирди президент Садыр Жапаров. «Эр жигит жоо бетинде»- деп элибиз эзелтеден бекеринен айтып келген эмес. Кыргыз элинин жаштарга берген тарбиясынын башкы принциптеринин бири Мекен чегин бекем сактап, баскынчыдан журтун коргоо болуп саналган. Ошол эле мезгилде, кыргыз эли миндеген жылдар тарыхында башка элге кол салып коргон эмес. Тынчтыкты, бейпил турмушту, ынтымакты сактап, сыйлап келген калк катары таанылган эл. Бирок, оз жерибизди сактоого, элибизди коргоого кудуретибиз ар дайым жетет.