Жаңылыктар
Таланттуу саякатчы Азамат Жаналиев Рамзан Кадыровго белек тартуулайт
Кыргызстан жаңылыктары
Таланттуу саякатчы Азамат Жаналиев Рамзан Кадыровго белек тартуулайт

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эң чоң сүрөтүн String Art ыкмасы менен тарткан мекендешибиз Азамат Жаналиев эгемендүүлүктүн 25 жылдык урматына 3 миң 500 чакырым жолду велосипед менен басып өтүүгө камданып жатат. 

 Колуна калем алып, эч убакта сүрөт тартпаган Азамат Жаналиев буга чейин Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн жараткан. Жакында эле Чечен Републикасынын алгачкы өлкө башчысы Ахмад-Хаджи Кадыровдун сүрөтүн да так өзүндөй кылып жасады. Ал эмнеге бул инсанды тандаганын төмөнкүчө түшүндүрүп берди.
“Чечен респбуликасынын алгачкы президентинин сүрөтүн жасаганымдын себеби, ал эли үчүн жанын аябаган инсан болгон. Азыр көрүп атасыздар, ал өлкө кандай өнүгүп жатканын. Мен дагы ошол адамдай болуп өлкөмө кичине болсо дагы пайдам тийсе деп ойлойм”, - дейт ал.

Азамат Жаналиев сүрөттү Грозный шаарына жеткирээрин айтып, Рамзан Кадыровдун өз колуна тапшыраарын билдирди.
Ал Бишкектен велосипед менен чыгып Казакстан, Россия, Азербайжан же Грузия аркылуу Чечен республикасына кирип барууну пландап жатат. Сүрөт болсо, учак аркылуу жеткирилет.
3,5 миң чакырым жолду велосипед менен басып өтүүгө жакшы даярданган саякатчы, мекенине учак менен кайтаарын айтты.
Өзүн сүрөтчү деп атагысы келбеген, бирок өзгөчө ыкма менен сүрөт жараткан каарманыбыздын башкы максаты - 7 континентти учаксыз кыдыруу. Кезектеги максаты - улуу манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтүн бүтүрүү. 
 Чечен Республикасынын алгачкы мамлекет башчысынын сүрөтүн 7 күндө даярдаган Азамат, аны тапшыруу үчүн 20 күндүк узак жолго бет алды. 23-август Ахмад-Хаджи Кадыровдун туулган күнүнө карата белегин тапшыруу максаты менен улуу жолго чыкты.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118