“Кумтөр” кенинде алтын казуу иштери план боюнча жүрүүдө, деп “Кумтөр Голд Компани” ишканасы маалымдайт. Аталган компаниянын сырттан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр” кенине барып, андагы иштердин журушу жана фабриканын жумушу менен жакындан таанышты.
Бугунку кундо Кумтор кени жонундо оз пикирин ортого салган жарандардын саны кобойгондон кобоюп келет. Алтын кендин тагдыры, тарыхы, инвесторлор тарабынан кетирген кемчиликтер, табиятка тийгизген зыяндары туралуу маалыматтардын озогуно жетпей, учкай чымчып алып эле, оз ойлорун социалдык тармактар аркылуу жайылтып келгендерге жол болсун. Алардын айрымдары анык максаттарды коздосо, копчулугу билип-билбей эле ой болушкондор экени да жашыруун эмес. Андай максат коздогондордун да кадамдары белгилуу - Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугуна шек келтирип, бугунку кундо иштеп жаткан олко жетекчилеринин аракеттерин жокко чыгаруу, дейт серепчилер