Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон бир катар жарлыктарга ылайык, мамлекеттик администрациялардын башчылары - облустардагы райондордун акимдери дайындалды жана бошотулду.
Олко башчысынын «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгына ылайык, мамлекеттик жаңы кадр саясатынын негизги милдети - мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жеткиликтүүлүктү акыйкат камсыз кылуу, дискриминацияга жол бербөө жана мамлекеттик кесипкөй аппаратты түзүү болуп саналат. Ушул Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында, атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан жалпы республика боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары аттестациядан өткөрүлдү. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы аймактык кадрлар резервине талапкерлерди тандоодон өткөздү. Кызыкчылыктардын кагылышын, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылуу максатында облустардагы район акимдерин ротациялоо чаралары жузого ашырылды.
Албетте, кадрларды ротациялоо Кыргызстандын бугун эле ойлоп тапкан демилгеси эмес. Ротация эзелтеден эле коптогон олколордо колдонулуп келген кадр тандоо жана жайгаштыруудагы ыкмалардын бири. Озгочо мындай ыкма Советтер союзунун кадрдык саясатында жемиштуу колдонулуп келген. Облус жана райондордун партиялык жана аткаруу органдарынын, укук коргоо жана башка мамлекеттик кызматтарынын жетекчилери коп учурда иштеген жерин алмаштырса да, кызматындагы денгээлинен ажырабай, жетекчилик ордунда калып, кызматын улантып келген. Адистердин айтымында, биринчиден, мындай ыкма жетекчилердин иштеп тапкан тажрыйбасы текке кетпей, жаны кызмат ордунда аны толук кандуу пайдаланууга мумкунчулук тузот. Экинчиси, мурунку иштеп келген жеринде, эгер ал чиновник кандайдыр бир коррупциялык тобокелдиктерге жакындаган болсо да, ротация алардын кучун жокко чыгарат. А бирок, жаны аймакка которулган жетекчи тажрыйбасына таянып ишти жонго салууга, жергиликтуу маселелерди чечууго тез арада кирише алат, дейт эксперттер.