Бул жумада Кыргыз Республикасынын президенти Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Сочи шаарында мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу болуп отту. Жолугушуунун журушундо эки олконун лидерлери бир катар маселелерди талкуулады. Бул сапар үстүбүздөгү жылдын 10-майындагы Кыргызстан менен Россиянын президенттеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында болгону маалым. Жолугушууда эки тараптуу Кыргыз-орус кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечектүү багыттары такталып, президенттер акыркы жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландарын талкуулашты.
Ошондой эле регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо маселелери да каралды. Мамлекет башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ушул жылдын 28-30-апрель күндөрү болуп өткөн окуяларды, чыр-чатактын кесепетинен Баткен районунун чек аралаш айылдарында талкаланган инфраструктураны, социалдык объектилерди жана турак үйлөрдү калыбына келтирүү чараларын кеңири талкуулашты. Владимир Путин Россия кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көңүл коюп, өтө тынчсыздануу менен байкап тургандыгын баса белгиледи. Оз кезегинде, Садыр Жапаров Кыргызстан Россия менен диалогду мындан ары да өнүктүрүүнү жана ар тараптуу бекемдөөнү көздөй тургандыгын билдирди. Аны менен бирге Россияга коронавирус илдетинин пандемиясы башталгандан бери баа жеткис колдоо көрсөткөндүгү үчүн да өзгөчө ыраазычылыгын айтты.
Ушул эле жумада олко башчысы Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарында болуп кайтты. Эки кундук иш сапарынын жүрүшүндө мамлекет башчысы Баткен районунун чек ара аймагында жайгашкан айылдардын тургундары менен жолугушуп, аскер бөлүктөрүнөн кабар алды жана жергиликтүү тургундар жана аскер кызматчылары менен баарлашты. Президенттин айтуусунда, жакынкы мезгилде Баткен облусуна «озгочо аймак» статусу берилет. Бул статуска ылайык аймакта озгочо салык жана озгочо инвестициялык тартиптер киргизилет. Озгочо статус аймактын мындан ары активдуу онугуусуно, олконун жашоого ынгайлуу, жагымдуу аймактарга айланышына оболго тузот. Ошондой эле, мындай кадам чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын ички жана тышкы миграциясын кыскартууга жол ачат. Президент Садыр Жапаров иш-сапарынын журушундо Ош шаарында Коргоо министрлигинин жана Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын кызматчыларына батирлердин ачкычтарын тапшырды.