Нарында милиция карыя адамды "өлтүрөбүз" деп коркуткандарды кармады. Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул факты Кочкор райондук милициясы тарабынан каттоого алынган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө видеону тарткан жарандардын өздүгү такталып, алар кармалды. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Облустук милициянын басма сөз кызматынан тергөөнүн жыйынтыгы боюнча жакын арада кошумча маалымат бериле тургандыгын билдиришти.
Эскерте кетсек, мурда социалдык тармактарда "карыяны автоунаага салып алып, өлтүрөбүз" дегендердин видеосу тараган.