Жаңылыктар
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Билкент университетинин ректору Абдуллах Атар менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Билкент университетинин ректору Абдуллах Атар менен жолугушту

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Билкент университетинин ректору Абдуллах Атар менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө окуу жайдын ректору 1986-жылы негизделген жана Түркияда биринчи жеке университет катары белгилүү болгон Билкент университетинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Ал студенттердин, анын ичинде Кыргызстандан келген студенттердин статистикасын келтирди. Маалымат боюнча, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандан 56 студент билим алган. 

Өз кезегинде элчи Өмүралиев билим берүү тармагында, айрыкча инженерия жана технология боюнча адистерди даярдоодо кызматташтыкты орнотууну сунуштады. Ошондой эле Өмүралиевдин сунушу менен тараптар университеттин имаратында Кыргызстандын тарыхына, маданиятына жана кооз жерлерине арналган, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо алкагында сүрөт көргөзмөсүн уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.