Жаңылыктар
Баш мыйзамдагы башкы кемчиликтер
Саясат
Баш мыйзамдагы башкы кемчиликтер

Конституцияны өзгөртүүнүн негизги себептеринин бири, улуттук дөөлөттөргө көңүл буруу. Анткени азыркы баш мыйзамда нарк насилге жана улуттук кызыкчылыктарга каршы бир катар беренелер бар. Мындан тышкары бийлик бутактарындагы тең салмактуулукту камсыз кылып, туруктуу жана бекем өкмөттү иштетүү дагы өзгөртүлгөн конституциянын беренелерине камтылмакчы. 

Алты жыл мурун кабыл алынган конституция эскирип кете элек. Бирок анын ичиндеги айрым беренелер эмитеден коркунуч жарата баштады. Маселен баш мыйзамдагы баш кошуу туурасындагы беренеде, ар ким каалаганына үйлөнө алат деп жазылган. Бул батыштан келген ар кандай жосунсуз иштерге шарт түзгөн.
 Өзгөртүүлөрдүн өзөгүндө бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыздоо да турат. Тагыраагы өкмөттүн ыйгарым укуктарын көбөйтүү.

Антпесе аткаруу бийлигин алмаштыруунун азап тозогу келип эле экономикалык көйгөйлөрдү жаратууда. Аны менен Жаңы баш мыйзамда кылмыштын мөөнөтү эскирди деген түшүнүк болбойт. Өзгөчө миллиондоп акчаны уурдай качкан паракорлорду 10 эмес 50 жыл өтсө да соттош керек дешет серепчилер. 
 Кыргызстанда сот реформасы да анчалык ич жылытпай жатканы маалым. Ошондуктан жаңы Конституцияга ылайык соттордун өздөрү катуу көзөмөлдө болот. Эгерде сот эрежени бузса, конституциялык мыйзамга ылайык, Судьялар кеңешине караштуу тартип комиссиясынын сунушу менен кызматынан бошотулат. 
  Талдоочулар азыркы Баш мыйзамда өлкө эгемендигине жана улуттук коопсуздукка шек келтирген нормалар бар дешет. Тагыраагы 41-беренеде. Азимжан Аскаровдун ишин кароого мүмкүнчүлүк ачылганы да ошондон. Муну кече маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Президент Алмазбек Атамбаев да айтып өттү. 
Маалымат жыйында президент Атамбаев бийлик сактап калуу деген өңдүү айрым ушак айың кептерге да чекит койду. Белгилей кетсек жаңы конституция коомдук талкууга чыгарылды. Аны менен парламент сайтынан толук окусаңыздар болот. 


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118