Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында жайгашкан көлмөгө 32 жаштагы адам чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жеринен издөө иштерин жүргүзүү үчүн 8 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Министрлик жарандарды сууга түшүүдө этият болууга чакырат.