Жаңылыктар
Чүй облусунун аймагында акыркы жумада 2 миң 423 жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунун аймагында акыркы жумада 2 миң 423 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Чүй облусунун аймагында 24-майдан 30-майга чейин 2 миң 423 жол эрежесин бузуу фактысы катталганын Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жатканда кармалса, 1 881 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа башкарып бара жатып колго түшкөн. 24 айдоочу документи жок рулга отурган. Атайын айып төлөткөн унаа токтотуучу жайга 42 унаа токтотулган.