Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды - ӨКМ
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды - ӨКМ

Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды, - деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. 

Сейсмология иститутунун маалыматына ылайык, жер титирөө 31-майда болжол менен түнкү саат 12ден 08 мүнөт өтөндө Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. 

Жер титирөө Ак-Суу районунун Кургак айылында 3,5 баллга, Таш-Короо айылында 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.