Жаңылыктар
Өлкөнүн курулуш тармагында коопсуздук эрежелери дагы деле сакталбай келет
Кырсык
Өлкөнүн курулуш тармагында коопсуздук эрежелери дагы деле сакталбай келет

 Жакында эле Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 3 курулушчу кулап, анын экөө каза болду. Мерт кеткен жумушчулардын курагы болгону 17-18 жаш. Ал эми үчүнчүсү оор жаракат алган. Буга чейин да курулушта адам өмүрү кыйылган учурлар катталган. Анткени салынып жаткан имараттардын көбүндө коопсуздук эрежелери толук сакталбайт. 

Кырсык эреже бузуулардан келип чыгат. Курулуп жаткан үйлөрдөгү кемчиликтер билген адамга оркоюп эле көрүнөт. Көзөмөл адистер жыртык-тешиктерди жапкыла деп эскертүү берип, кырсыкты алдын албагандарга мыйзам чегинде болгону 2 миң сом айып сала алат. Бирок көрүлчү чараны тоготпогон курулуш компаниялар учурайт.
Коопсуздукка кайдыгерликтен улам көп адам жапа чегип келет. Куруучу болуп эмгектенгендер ар кандай жаракат алып ооруканага көп кайрылат.
Адистердин айтымында, курулуш компаниялар коопсуздук чараларына каражат жумшоодон качып, нормалары толук сакталбайт. Иш берүүчүлөр акчасын үнөмдөп, адам өмүрүнө коркунуч жаратууда.