УКМК тарабынан жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн натыйжасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сергей Ибрагимовдун компаниялар тобунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу аныкталган жок.
Бирок, С.Ибрагимов республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошууга ыктыярдуулугун билдирди. Учурда жогорудагы сумма мамлекеттин эсебине толугу менен которулду.
УКМКдан билдиришкендей, Ибрагимовдун компаниялар тобунда, каржылык мыйзам бузууларына, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери жүргүзүлдү.