Жаңылыктар
Алты кылым карыткан дарак
Аймак
Алты кылым карыткан дарак

Баткен районунун Зардалы айылындагы 600 жылдан ашуун өсүп жаткан өрүк дарагы коомчулуктун көңүлүн бурууда. Көлөмү 3 адамдын кулачындай болгон дарак азыр да мөмө берет. Анын жашын айылдыктар ата бабалардан калган аңыз сөздөн улам айтып келишсе, адистер өрүк дарагынын денесиндеги сызыктардан улам аныкташууда.

Баткен районунун борборунан 130 чакырым алыстыктагы тоолуу Зардалы айылына эл мындан 6 кылым мурда отурукташа баштаган. Аймакты байырлаган калк ошол учурда эле мөмө берүүчү бак-дарактарды отургуза баштагандыгы айтылат. Учурда айыл четинде ошол мезгилден бери өсүп турган өрүк дарагы бар. Айылдагы аксакалдардын айтымында учурунда бул аймакта мындан башка өрүк болгон эмес. Элдин баары ушул дарактын мөмөсүн терип жеп, дарылыкка пайдаланып келген.
 Зардалы айылынын тургуну Жакып Сүйүнөв: "Биз эс тарткандан бери өрүк ушундай эле. Мындан да чоң жоон эле. Диаметри 15-20 метрдей эле. Болжол менен 1 жылда тоннадан ашуун кургатылган өрүк алып турушкан. Зардалыда өрүк болбогондуктан элдин баары ушул өрүктөн жейт эле. Кийин элдер муну көрүп өрүк тиге баштады. Ошондон Зардалы өрүкзарга айланды"
Өрүктөн башка Зардалыда 14-15-кылымдарга таандык деп божомолдонгон алмурут дарагы да бар. Жергиликтүү тургундардын айтымында, кылымдар бою өсүп турган алмурут азыр да мөмө берет. Бул көрүнүш дүйнөдө сейрек кездешет дешет.
 Убакыттын өтүшү менен жоондугу 3 кишинин кулачындай болгон өрүк жана алмурут дарактарынын көпчүлүк бутактары куурап калган. Жергиликтүү эл бактардын айланасын тазалап, куураган шактарын бутап актап, Зардалыга келүүчү туристердин санын көбөйтүп, коомчулуктун көңүлүн буруунун аракетин көрүүдө.
Зардалы айылынын тургундары 6 кылым карыткан эки дарактын айланасында ачык музей уюштурууну көздөшүүдө. Бул аракет аймактагы маданий баалуулуктарды келечек муунга калтыруу дешет.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118