Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ӨКМ кызматкерлеринин арасында спорттук иш-чаралар өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ӨКМ кызматкерлеринин арасында спорттук иш-чаралар өттү

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн арасында 28-май күнү спорттук иш-чаралар өткөрүлдү. 

9 команда төмөнкү спорттук оюндарда күч сынашты: футбол, волейбол, аркан тартыш жана теннис. Облустук башкармалыгынын башчысы полковник Замирбек Джумагазиев командаларга мыкты оюн жана жеңиш каалап өттү.

Жалпы командалык мелдеште орундарга ээ болгондор:

1-орун Балыкчы шаарынын өрткө каршы куткаруу бөлүмү;

2-орун Түп районунун өрткө каршы бөлүмү;

3-орун Каракол шаарынын өрткө каршы куткаруу бөлүмү;

4-орун Тоң районунун өрткө каршы бөлүмү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча, мыкты оюнчулар аныкталып, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан бирдиктүү  курама командасы түзүлдү. Аталган команда өз кезегинде ӨКМдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн арасындагы республикалык деңгээлдеги спорттук мелдештерге катышат.

Жогорудагы иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата арналган.