Жаңылыктар
Бокс боюнча курама команда Азия чемпионатында 4 коло медаль жеңди
Спорт
Бокс боюнча курама команда Азия чемпионатында 4 коло медаль жеңди

Бокс боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 21-майда старт алган Азия чемпионатында 4 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Азат Усеналиев (52 кг салмактык категорияда);

Акылбек Эсенбек уулу (57 кг);

Эркин Адылбек уулу ( 81 кг);

Рустам Ырысбек уулу (91 кг).

Белгилей кетсек, чемпионат Дубай шаарында (БАЭ) өтүп, 1-июнда жыйынтыкталат.