1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата, “Манас” жана Ч.Айтматов атындагы улуттук академияда “Наристе манасчы” сынагы өттү.
Иш-чара “Манас” эпосу жөнүндө мыйзамга ылайык, эпостун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо жана шаарда өскөн балдарды эпос аркылуу идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий мүнөздөгү иш-чараларга тартуу максатында уюштурулду.
Сынакка Бишкек шаарынын мектеп жашындагы жана бала бакчалардагы 3 жаштан 11 жашка чейинки курактагы балдары катышты. Сынакка катышкандар “Манас” эпосунан үзүндү айтып, алардын көркөм чеберчилигине да баа берилди. Шарт боюнча, мектепке чейинки балдарга үч орун, мектепте билим алган окуучуларга 3 орун берилип, атайын сыйлыктар каралды.