Жаңылыктар
1-июндан баштап унааларды каттоонун тарифтери төмөндөйт
Кыргызстан жаңылыктары
1-июндан баштап унааларды каттоонун тарифтери төмөндөйт

1-июндан баштап унааларды каттоонун тарифтери төмөндөдү. Ар бир транспортту каттоодо баасы анын чыккан жылына жана көлөмүнө жараша эсептелет. 

Орто эсеп менен мурда миң сомдон 5 миң сомго чейин болуп келген каттоонун суммасы эми бардык чыгымдарды кошкондо 400 сомдун тегеринде болот. Азыркы тапта өлкөдөгү унаалардын көпчүлүгү ишеним кагаздын негизинде кийинки ээсине катталбай жүрөт. Мындай арзандатуу менен Мамлекеттик каттоо кызматы республика боюнча унаалардын санын так билип, алардын документтерин тартипке келтирүүнү көздөп жатат. 

Учурда өлкөдө 1 млн 400 миңден ашык унаа болсо анын жарым миллионго жакыны Бишкек шаарында. Жеке транспортун каттоого келген жарандар унаанын жол салыгын, эреже бузуудагы айып пулун төлөп, жакшынакай кылып келсе анын документин берүү жумуштары дагы ылдам бүтөт. Мындай жеңилдетилген тариф ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат. Келерки жылдан баштап транспортту каттоого жаңы тариф кирет.

"Улуттук компаниянын негизинде унааларды кайра каттоо азыркы тапта ылдыйкы баада эсептеле баштады. Муну менен биз тармакты иретке келтирелик деп жатабыз",- деди «Унаа» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Бакытбек Шералиев.