Жаңылыктар
«Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча Өмүрбек Бабанов кармалды
Коррупция
«Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча Өмүрбек Бабанов кармалды

Мурда УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан маалымдалгандай, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги тарабынан, «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар тууралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде бүгүн, 31-май күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) фактысы боюнча кылмышка шектүү делип мурдагы премьер министр Өмүрбек Бабанов кармалды.

УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымдап тураарын билдирет.