Жаңылыктар
Баткен облусундагы чек ара жаңжалында жапа чеккен жарандардын 173 документи жасалып бүттү
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусундагы чек ара жаңжалында жапа чеккен жарандардын 173 документи жасалып бүттү

Баткен облусундагы чек ара жаңжалында жапа чеккен жарандардын 173 документи жасалып бүттү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. 

Бүгүнкү күндө жоголгон же жок кылынган жеке документтер боюнча жалпысынан 248 арыз келип түшкөн. Эң көбү ID-карталарын калыбына келтирүү үчүн арыз кабыл алынды. Жалпы 102 адам арыз берсе, анын жарымысына паспорт тапшырылды. 

“72 жаран туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, 14 жаран никелешүү тууралуу, 11 жаран өлүм жөнүндө, 1 жаран ажырашуу жөнүндө, 9 жаран транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө, 19 жаран айдоочулук күбөлүктү калыбына келтирүү боюнча арыз берген. Алардын баары документтерди колуна алышты”, - деп айтылат маалыматта. 

Калкты сапаттуу жана жеткиликтүү мамлекеттик кызматтар менен камсыз кылуу максатында Ош облусунун Ноокат районунда, Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай районундорунда калкты тейлей турган жаңы борборлор иштей баштады.