Өлкөдө күн сайын 200дөн кем эмес адамдан коронавирус аныкталууда. Акыркы бир күндө эле коронавирустан дагы 5 бейтап көз жумду. Адистер эпидемиологиялык абал жакшыра электигин айтып, ар ким өз саламаттыгы үчүн эмдөөдөн өтүп, санитардык нормаларды сакташы керектигин эскертүүдө.
Борбордогу Улуттук госпиталда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн 350 орун даярдалган. Бүгүнкү күндө анын 211инде бейтаптар дарыланып жатат. Адистердин айтымында, дарылоо атайын иштелип чыккан бешинчи протоколдун негизинде жүргүзүлүүдө. Анда “кызыл тилкеде” иштеген ар бир медкызматкер окуудан өтүп, сертификат алуусу каралган.
Статистикага көз чаптырсак, республика боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 104 миңден ашты. Ал эми акыркы бир түн ичинде дагы 5 киши көз жумду. Каза болгондор Ысык-Көл облусу менен Бишкек шаарынын тургундары.
Акыркы бир күндүн ичинде коронавирус 174 адамдан аныкталды. Анын 95и Бишкекте катталды. Ал эми Ош шаарында - 26, Чүй облусунда - 7, Талас облусунда - 5, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көлдө - 15, Жалал-Абад облусунда - 17, Баткен облусунда - 5 адамдан вирус табылды. Ошол эле учурда бир суткада жалпы 244 бейтап сакайып чыкты. Пандемия башталгандан бери 104 миң 729 адам коронавируска чалдыгып, анын ичинен 98 миң 544 бейтап айыгып, 1 миң 808 адам каза тапты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 696 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 653 адам дарыланууда. Алардын ичинен 20 бейтаптын абалы канааттандыраарлык болсо, 94 адам өтө оор абалда жатат. Дагы 1 миң 136 кишинин абалы орто оор, 446 бейтап оор абалда.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Андыктан дарыгерлер жөнөкөй, бирок маанилүү санитардык нормаларды сактоо керектигин эскертет. Эпидемиологиялык абал дүйнө жүзүндө да туруктуу эмес. Алсак, коронавирус инфекциясын 171 миллиондон ашык адам жуктуруп алды. Анын ичинен үч жарым миллиондон ашык киши каза болду.