Жаңылыктар
Тоо-кен тармагы экономиканын кыймылдаткычы
Кыргызстан жаңылыктары
Тоо-кен тармагы экономиканын кыймылдаткычы

Акыркы мезгилде климат өзгөрүп, мөңгүлөр ээрип, аянты кыскарып келет. Андыктан азыртадан мөңгүлөрдү сактоо боюнча биргелешкен чараларды көрүү маанилүү болуп турат. Дал ушул маселени министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Минск шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында көтөрдү. Анткени жагдай КМШга мүчө-өлкөлөрдүн калкынын жашоо шартына жана сапатына түздөн-түз таасир этет.

Мөңгүлөрдү сактоо багытындагы ишти, анын ичинде КМШга мүчө мамлекеттердин 2021-2025-жылдарга карата жер казнасын чалгындоо, пайдалануу жана сактоо боюнча биргелешкен иштерин активдештирүү маанилүү болуп турат. Жыйында белгиленгендей, экономиканын мындан ары өнүгүшү жаратылыш ресурстарын сактоо, тоо-кен тармагындагы жер казнасын пайдалануу саясатын туура жана ачык-айкын жүргүзүү менен тыгыз байланышта.

Жер казынасы жана пайдалуу кендер эл кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып, анын бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүшү керек. Экономист Адилет Маматовдун пикиринде, Тоо-кен өндүрүшү мамлекеттин казынасын толтуруучу негизги тармактардан. Мамлекет жакынкы жылдары тоо-кен, энергетика тармагында ири долбоорлорду ишке ашыруу менен экономиканы өнүктүрүү максатын коюуда.

Кыргызстан соңку 30 жылдагы эгемен турмушунда бир жагынан кытай товарларынын реэкспорту менен, экинчи жагынан Россия менен Казакстандагы эмгек мигранттарынын эсебинен жашап жүрдү. Ошол эле учурда өлкөнүн тоолору алтын, калай, темир, көмүр, уран сыяктуу кен байлыктарга бай, бирок өкмөт аларды иштетүүнүн көзүн таппай келет.

Өлкөнүн экономикалык потенциалын кеңейтүү, регионалдык жана эл аралык рынокко чыгуу, он миңдеген жумушчу орундарын түзүү ушул тапта негизги максат болуп турат. Коррупция менен системалуу күрөштү улантуу жана көмүскө экономиканы легалдаштыруу да маанилүү багыт. 

Аталган тармактын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга байланыштуу мамлекет башчысынын кол койгон алгачкы жарлыктарынын бири “өлкөдөгү кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө“ жарлык болду. Аны ишке ашыруунун алкагында ушул тапта жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдардын системасын түзүүгө багытталган Тоо-кен кодекси иштелип чыгууда.