Тажик аскерлеринин агрессиялык кол салуусунан улам күйүп кеткен жана тонолгон мүлктөрүн саны атайын комиссия тарабынан эсептелди. Баткен жана Лейлек райондорунда жалпысынан 1 млрд 300 млн сомдук зыян келтирилген. Турак жай маселесин чечүү иштери башталып жатканы менен өрттөнүп, тонолгон мүлктөр башка чыгымдарды кайра калыбына келтирүү маселеси чечиле элек. Коомдук уюмдар жарандардын турак жайынан сырткары да мүлктөрү толугу менен төлөнүшү керек деп эсептешет.
Сайдимар Жапаров Баткен районунун Тажикстан менен чек аралаш аймагындагы Достук айылынын тургуну. 29-апрелдеги окуяда үй-жайы, мал-мүлкү толугу менен күлгө айланган. Учурда мамлекет жашаган үйүн калыбына келтирип бергени менен чек арадагы шарты оор айылда жашоосун калыбына келтирүү кыйын ң экенин айтат. Бир чети бала-чакасы менен аман калганына да шүгүр дейт.
3-4 жылдык бешене тер менен жыйган мүлкүнөн ажырап, үстүндөгү кийиминен башка эч нерсеси калбаган Сайдимар Жапаровдун бир гана үйүн калыбына келтирүү иштери башталган. Короосундагы баласы жашап жаткан кошумча үйү көз жаздымда калган. Өз алдынча куруп алганга чамасы жок.
Коомдук уюмдардын өкүлдөрү жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн чыгымдарын так эсептеп, тыйынын да калтырбай калыбына келтирүү керек дешет. Ансыз деле оор шартта жашоо кечирип келген жарандарга тажик тараптын кол салуусу чоң зыянга кептеди.
Облустук бийлик зыяндын суммасын атайын түзүлгөн эсептөө комиссиясы толук аныктап чыкканын билдирет. 1 млрд 300 млн сомдук мүлктөр өкмөткө сунушталган. Учурда акырындык менен ордун толтуруу жумуштары жүрүп жатат. Акырындык менен толугу менен зыяндын орду толтурулаарын маалымдашты.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагалыштан Кыргызстан тараптан 36 жаран каза болуп, 180ден ашык адам октон жарат алган. 136 үй бир топ социалдык обьектилер, комеррциялык жайлар өрттөлгөн. Чек арадагы жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү үчүн Президенттин өкүлчүлүгү уюшулуп 700 млн сом ажыратылган.