Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аталышын өзгөртүү боюнча чечим жокко чыгарылды. Буга багытталган “Ички иштер министрлигинин ички аскерлери тууралуу” жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак, кызматтын аталышын “Ички коопсуздук аскер кызматы” деп өзгөртүү боюнча 2019-жылы чечим кабыл алынган болчу. Бирок, ал толугу менен ишке ашкан жок деп айтылат жарлыкта.
Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери быйылтан тарта кайрадан мурдагы аталышын алып, өз ыйгарым укуктарын аткара баштады. Дээрлик 80 жылдан ашык мына ушул аталышты алып жүргөн орган 2019-жылы ошол кездеги президенттин жарлыгы менен ички иштер министрлигинин “Ички коопсуздук аскер кызматы” деп аталган. Бирок, укук милдеттер ошол боюнча гана калган.
“Ички коопсуздук аскер кызматы” деген аталышты жокко чыгаруу боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлыкта белгиленгендей, Ички аскерлердин аталышы өзгөргөн менен анын маани маңызында эч кандай жаңылануу болгон эмес. Анын үстүнө ички аскерлердин укуктук жана уюштуруу ишмердиги “Ички иштер министрлигинин ички аскерлери” тууралуу мыйзам менен жөнгө салынат.
Адистер ИИМдин ички аскерлери өзүнүн тарыхый аталышын сактап калганын кубатташат. Бирок, анын ыйгарым укуктары заманбап талаптарга ылайыкташтырылып, ар кандай окуяларга ыкчам чара көрө турган орган болушу керек дешет.
Эске салсак, ИИМдин ички аскерлер кызматы 2014-жылы аскер тармагындагы реформанын алкагында Улуттук гвардиянын курамына өткөн. Бирок 2019-жылы ал кайрадан министрликтин курамына кошулуп, аталышы өзгөргөн болчу.