Жаңылыктар
Калкты таза суу менен камсыздоо
Кыргызстан жаңылыктары
Калкты таза суу менен камсыздоо

Таза суу түтүгү жок айылдарга суу системасын куруп, элдин ичүүчү сууга болгон муктаждыгын чечип берүү өкмөттүн негизги багыттарынын бири. Жалал-Абад облусунда жыл аягына чейин 9 айылга таза суу тартылып, пайдаланууга берилет. Республикалык бюджеттен эсебинен 4 айылга каржылоо каралса, 5 айыл Ислам Өнүктүрүү Банкы тарабынан жасалууда.

Сузак районунун Арал айылы таза суу менен толук кандуу камсыз болгон эмес. Жергиликтүү тургундар өз алдынча кудук жасап, айрымдары мына минтип суу бургулоо курулмасын жасап алышкан. Бирок, ичүүчү суу анча терең эмес аралыктан чыккандыктан, санитардык талапка жооп бербейт. Жер алдынан сордуруп чыгарган суу кышкысын токтоп калат. Ал учурда алыстан ташып ичүүгө аргасыз болушат.

Эми бул айылдын суу көйгөйү чечилмей болду. Таза суу долбоору башталып, ушул тапта жумуш кызуу жүрүп жаткан кез. Айыл ичине суу кууру тартылууда. Түтүктөрдү казып-көмүү иштерин жергиликтүү жашоочулар ашар жолу менен жасап жатышат. 

Таза суу долбоору чет элдик уюм тарабынан каржыланып, 3 миң метрге жеткидей суу түтүгүн алып беришкен. Калган жумуштун бардыгы элдин күчү менен ишке ашууда. Суу куурун ар бир жашоочу короо-жайына чейин алып кирет. Таза суу долбоору аягына чыгарылса жүздөн ашуун кожолук камсыз болот. 

2021-жылы калкты таза суу менен камсыздоо боюнча кабыл алынган иш-планга ылайык, 60 айылга таза суу тартуу каралган. Бүгүнкү күндө 34 айылда жумуш жасалууда. Жыл аягына чейин 9 айылдагы таза суу долбоору бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. 

Жалал-Абад облусу боюнча 441 айыл болсо, 2017-жылы 179 айылда таза суу системасы жок экени аныкталган. 2019-2020-жылдар аралыгында 20 айылга таза суу тартылып, пайдаланууга берилген. Калкты таза суу менен камсыздоо стратегиясы боюнча 5 жыл ичинде облустагы бардык айылдын эли ичүүчү суу менен камсыз болуп бүтүш керек.