1-июндан баштап унааларды каттоонун тарифтери төмөндөдү. Ар бир транспортту каттоодо баасы анын чыккан жылына жана көлөмүнө жараша эсептелет. Орто эсеп менен мурда миң сомдон 5 миң сомго чейин болуп келген каттоонун суммасы эми бардык чыгымдарды кошкондо 400 сомдун тегеринде болот. Азыркы тапта өлкөдөгү унаалардын көпчүлүгү ишеним кагаздын негизинде кийинки ээсине катталбай жүрөт.
Каныбек Бакиров буга чейин унаасын беш жыл мурда каттаган. Андан бери тейлөө шарты бир топ жакшырып кезек күтүүлөр азайып, документтер электрондук негизде берилип калганын айтат.
Жарандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында унааларын катташат. Буга байланыштуу РИОМ унаа базарында да кошумча каттоо жайы ачылып дем алыш күндөрү жарандар ошол жерден унаага тиешелүү болгон бардык документтерин бүтүрө алышат.
Мындай арзандатуу менен Мамлекеттик каттоо кызматы республика боюнча унаалардын санын так билип, алардын документтерин тартипке келтирүүнү көздөп жатат. Учурда өлкөдө 1 млн 400 миңден ашык унаа болсо анын жарым миллионго жакыны Бишкек шаарында.
Жеке транспортун каттоого келген жарандар унаанын жол салыгын, эреже бузуудагы айып пулун төлөп, жакшынакай кылып келсе анын документин берүү жумуштары дагы ылдам бүтөт. Мындай жеңилдетилген тариф ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат. Келерки жылдан баштап транспортту каттоого жаңы тариф киргизилет.