Жаңылыктар
Газпром: көгүлтүр оттун баасы
Экономика
Газпром: көгүлтүр оттун баасы

Кыргызстанда август айынан баштап жаратылыш газынын бир кубуна болгон баа 14 сом 27 тыйындан болот. Бул тариф калк үчүн. Ал эми коммерциялык ишканалар газдын бир кубуна 17 сом 51 тыйындан төлөшөт. 

Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасы билдирди. Июль айында калк көгүлтүр оттун бир кубуна 14 сом 18 тыйындан, коммерциялык уюмдар 17 сом 41 тыйындан төлөшкөн.