Жаңылыктар
Кытай Кыргызстанга азык-түлүк жана гранттык негизде жардам берет
Кыргызстан жаңылыктары
Кытай Кыргызстанга азык-түлүк жана гранттык негизде жардам берет

Буга чейин Сиань шаарында өткөн эки тараптуу кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен Кытай Эл Республикасынын жетекчилиги Кыргызстанга азык-түлүк жана гранттык жардам берүү чечимин кабыл алды. 

Кытай тарап 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер, 20 миң тонна өсүмдүк майын азык-түлүк жардамы катары берүүнү жана 350 млн юань акча каражатын грант түрүндө бөлүү маселесин чечкен. Бул каражатты өлкөдөгү инфраструктураны жакшырткан долбоорлорду ишке ашырууга жумшоо пландаштырылууда. Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстанга 150 миң доза Кытай вакцинасынын экинчи партиясын кайтарымсыз негизде гуманитардык жардам катары берүү чечими кабыл алынды. 

Ошону менен бирге Кыргызстандын Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөмдөрдү кийинкиге жылдырууда кошумча төлөмдөр алынбайт. COVID-19 пандемиясынын кесепетинен убактылуу токтоп калган ишти улантуу - Кыргызстанга гранттык долбоорлорду ишке ашыра турган кытайлык адистерди жөнөтүү маселеси чечилди. 

Кыргыз тарап Кытайга өлкө жетекчилигинин көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирген. Эки тараптуу мамилелердин жигердүү өнүгүшүнө жана эки өлкөнүн, эки элдин кызыкчылыгы үчүн стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар.