Жаңылыктар
Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камакка алынды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду эки айга камакка алды. 

УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан маалымдалгандай, «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар тууралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда. Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренси боюнча кылмышка шектүү делген депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго атайын билдирме жөнөтүлгөн.

Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жээнбеков менен Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды. УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымдап турат.