Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жана “Инновация” коомдук кыймылы кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюшту.
Жолугушууга Кыргызпатенттин директору Динар Молдошева жана “Инновация” коомдук кыймылынын негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын экс-тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков катышты.
Меморандумдун алкагында тараптар инновациялык долбоорлорду илгерилетүү, Кыргызстандын жарандарынын чыгармачылык демилгелерин колдоо жана региондорду өнүктүрүү үчүн биргеликте иш аракеттерди жасашат.
Тараптар өз ара кызматташуу багыттарын аныктап, инновацияларга негизделген социалдык ишкердикти ишке ашырууга көмөктөшүү жана аларды шыктандыруу жолу менен региондорду илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Мамлекеттик органдар менен коомдук уюмдардын эффективдүү өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн эске алып Кыргызпатент “Инновация” коомдук кыймылына Кыргызпатенттин инновациялык борборунан аянтча бөлүп берет.
Аталган документке Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Жоодарбек Жумабаев жана “Инновация” коомдук кыймылынын төрагасы Темирлан Касымовдор кол коюшту.