"Кумтөр" кенинде жумуш коопсуздук эрежелерин сактоо менен мурдагыдай эле токтоосуз жүрүүдө. Бул тууралуу “Кумтөр голд компани” ишканасынын өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Тынчтык Мокеев билдирди.
Анын айтымында, эмгек жамааты сырткы башкарууга түшүнүү менен мамиле кылууда. Буга чейин мөңгүлөрдө таштандыларды сактаганы үчүн компанияга 261 миллиард сом же 3 миллиард доллардан ашык айып салынган. Төлөнө элек салыктардын суммасы 1,2 миллиард доллар болчу. Жалпысынан компанияга карата каржылык дооматтардын көлөмү 4 миллиард 250 миллион долларды түзөт.
Эске салсак, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар "Кумтөр" алтын кенин иштетип жаткан компаниянын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун карап, Министрлер кабинетине убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү сунушташкан.