"Жерүй" кени казыла баштагандан бери өлкө казынасына 140 миллион сом түштү. Мындай маалымат “Ачык казына” порталында айтылат.
Апрель айында "Альянс Алтын" компаниясы жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө кирешесинин 2 пайызын которгон. Мыйзамга ылайык түшкөн каражаттын жарымы облусту, калганы районду өнүктүрүүгө жана 20 пайызы кен иштетилип жаткан аймактагы айылдарга бөлүнгөн. "Жерүй" боюнча бардык төлөмдөр мыйзамга ылайык көзөмөлдө турат. Каражаттарды бөлүү жана аны максатка ылайык пайдалануу - Министрлер кабинетинин деңгээлинде ишке ашууда.
Жергиликтүү казынага түшкөн каражат Талас облусунун өткөн жылкы кирешесинен 2,5 эсе көп. Алсак, 2015-жылдан үстүбүздөгү жылдын март айына чейин, “Альянс Алтын” бөлгөн каражаттын суммасы 923 миллион сомду түзгөн. Мындан сырткары “Бакубат Талас” фондуна 600 миллион сом өзүнчө которулган. Фонд облустагы социалдык долбоорлор, чакан жана орто бизнести колдоо үчүн үстөк пайызы төмөн болгон насыя берет.