Жаңылыктар
Оштун Араван районунун тургунунан 10 миң доллар опузалап акча талап кылган 2 жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Оштун Араван районунун тургунунан 10 миң доллар опузалап акча талап кылган 2 жаран кармалды

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 10 миң доллар опузалап акча талап кылган 2 жаран кармалды. 

Алардын бири жергиликтүү кеңештин депутаты болгон. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, май айында Ош облусунун Араван районунун Нур-Абад айыл аймагынын 57 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал Араван районунда жайгашкан соода борборуна тааныш киши шериги менен бирге келип, коркутуу менен опузалап 10 000 АКШ долларын талап кылганын жазган. Ош облустук ИИБнин тергөө кызматы муну Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен каттоого алган. 

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Кара-Суу райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 31-май күнү баш коргоо чарасы каралып, Ош шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Кылмышка шектүүлөрдүн бири Араван районунун айылдарынын биринде жергиликтүү кеңештин депутаты экендиги жана мурда укук коргоо органында иштеп кеткендиги белгилүү болду.