"Өлкөгө келгендер COVID-19га карата эмдөө алган болсо Кыргызстан чет элдик туристтерди кабыл алууга даяр". Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында өткөн жылы дүйнөдөгү коронавирус пандемиясынын кесепетинен Кыргызстандын туризм тармагы бир топ зыян тарткан. Бүгүнкү күндө өлкөдө туристтик сезондун башталышы менен Туризм департаменти коронавирус пандемиясынан кийин туризм тармагын өнүктүрүүнүн алгоритмин иштеп чыкты.
"Эгер чет өлкөлүк туристтер COVID-19га каршы эмдөөдөн өтсө Кыргызстанга келе алышат», - деди Кенжематова. Ошондой эле Кенжематова Кыргызстанга авиакаттамдар аркылуу туристтерге дүйнөнүн бардык жеринен келүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин кошумчалады.