Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды.
Мамлекет башчысы укук коргоо органдарына Кыргызстандын жаранынын жерин аныктоо боюнча тиешелүү издөө иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды.