Жаңылыктар
УКМК «Кумтөр» ишине байланыштуу мурдагы жана азыркы бир нече аткаминерге айып койду
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК «Кумтөр» ишине байланыштуу мурдагы жана азыркы бир нече аткаминерге айып койду

Парламенттин экс-спикери Дастанбек Жумабеков УКМКга суракка чакырылгандыгын жеке булактарга таянып «24.kg» агенттиги жазып чыкты. 

Алдын ала мааламатка ылайык, ал Улуттук коопсуздук комитетине "Кумтөр" иши боюнча сурак берип чыкты. Ошондой эле суракка Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков дагы чакырылганын билдирди. Телефон чалган УКМКнын кызматкери ага сурак "Кумтөр" иши боюнча болорун айткан. 

"Кумтөр" иши боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Сабиров дагы суралды. Ал 2012-жылы түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү болгонун, күбө катары сурак бергенин билдирди. УКМК «Кумтөр» ишине байланыштуу мурдагы жана азыркы бир нече аткаминерге айып койду.