Жаңылыктар
Тажикстандык укук коргоочу Иззат Амон абакка которулду
Дүйнө
Тажикстандык укук коргоочу Иззат Амон абакка которулду

Тажик мигранттарынын укугун коргоп келген Иззат Амон убактылуу тергөө изоляторунан №1 абакка которулду. Эми тергөө аяктаганча ал аталган жайда болот. Буга чейин сот Иззат Амонду июлдун аягына чейин камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган.

Иззат Амондун туугандары ага карата козголгон кылмыш ишин иликтөө өтө жай жүрүп жатканын, укук коргоочуга каршы көрсөтмө бергендер менен бетме-бет жолугушуу уюштурула элек экенин айтышууда.

Орусияда Амон 25-мартта дайынсыз жоголуп, эки күндөн кийин Тажикстандан табылган. Тажик бийлиги бир нече киши Иззат Амон аларды Орусияда алдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылганын билдирген.

Анын иши Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") боюнча тергелүүдө. Бул беренеде айып пул же 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Иззат Амон жана анын тарапташтары ага каршы саясий өңүттө иш козголгонун билдиришип, айыптоолорду четке кагып келишет.

2-апрелде Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында 200дөй мигрант чогулуп, укук коргоочуну бошотууну сурашкан. Полиция ондогон кишини кармап, коомдук тартипти жана Орусияда жүрүү эрежелерин бузганы үчүн аларга айып пул салган.

48 жаштагы Иззат Амон Москвада эмгек мигранттарына укуктук жана материалдык жардам көрсөтүп келген. Ал тажик өкмөтүн сындап, миграция маселелерин козгоп, сөз эркиндигин жактаган билдирүүлөрү менен белгилүү.