Жаңылыктар
Жерге-Талдагы китеп көйгөйү ушул күнгө чейин чечилбей келет
Билим
Жерге-Талдагы китеп көйгөйү ушул күнгө чейин чечилбей келет

Тажикстандагы кыргыз району Жерге-Талдагы китеп көйгөйү ушул күнгө чейин чечилбей келет.  Кыргыз тилиндеги окуу колдонмолор, адабий чыгармалар дегенде көздөрү төрт. Ал  жака барган адамдар китеп берип жибергиле дегенден тажашпайт. 

Жерге-Талдын кыргыздар көп жашаган айылы. Жер шарты Чоң-Алайга окшоп кеткен, бирок шамал аз Жайылган айылы жайдын илебинде жашыл жамынган. Биз барган кезде айылда эл суз эле. Анткени каникул, жайкы талаа иштери ар бирин кыштакта турууга аргасыз кылбайт. Жайылгандын ичинен Кыргызстандан Тажикстан, Кытайга кетчү транзиттик жол өтөт. Өтө деле чоң айыл эмес. Анткен менен айылдын өзүндө базары бар. Дем алыш күндөрү соода болот. Бул жерге башка айылдардан да келип соода кылышат.