Жаңылыктар
Чек ара чырында жапа чеккен баткендик балдар Ысык-Көлдө эс алууда
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара чырында жапа чеккен баткендик балдар Ысык-Көлдө эс алууда

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында бир ай мурда болгон окуяларда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары жана мугалимдери учурда Ысык-Көл жээгинде эс алууда. Жаңжалдан коркуп калган балдарга жана мугалим айымдарга арт-терапия жана психологиялык консультациялар аркылуу психологиялык колдоо көрсөтүү, коркунуч жана стресстен чыгуу боюнча атайын темалар өтүлүүдө. 

Мындан сырткары аларга Ысык-Көл облусунун кооз аймактарына, “Рух Ордо” маданий борборуна, Петроглифтер музейине саякаттар уюштурулат. Бүгүнкү 1-июнь -балдарды коргоо күнүндө иш-чаранын демилгечиси экс-президент Роза Отунбаева көл жээгине барып, балдардын маанайын көтөргөн саамалыктарга күбө болду.