Жаңылыктар
Баткенде жаңы бала бакча ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде жаңы бала бакча ачылды

Баткенде балдарды бала бакчага тартуу маселеси дагы деле курч бойдон калууда. Ага кошо эле ата-энеси сыртта эмгек мигранты болуп, чоң ата, чоң энелеринин колунда калган балдар да бар. 

Атайын мониторингдин жыйынтыгы көрсөткөндөй өспүрүм курагына жете элек балдар жакындарынын колунда калган. Анын 10 пайыздан ашыгы бала бакчага барчу курактагылар. 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Баткен шаарында 140 орундуу бала бакча ачылып, ата-энеси миграцияда жүргөн 37 бала да кабыл алынды.