Жаңылыктар
Чек ара: Куралды этиятсыз колдонгондун кесепети
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара: Куралды этиятсыз колдонгондун кесепети

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралды этиятсыз колдонуудан улам бир чек арачы каза болуп, экинчиси жаракат алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү билдирди. 

Алдын ала маалымат боюнча кырсык Баткен облусунун Баткен районунун Паскы-Арык айылында кызмат өтөгөн жоокерлер арасында катталган. Окуя болгон жерде Баткен чек ара отрядынын колбашчылыгы бул факты боюнча териштирүү жүргүзүүдө.