Жаңылыктар
Кыз-келиндер күрөшүндөгү ийгилик
Спорт
Кыз-келиндер күрөшүндөгү ийгилик

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын мүчөлөрү, Түркияда өткөн XXIII эл аралык мелдеште 4 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 

57 килограмм салмакта күч сынашкан Калмира Билимбекова, 59 килограмм салмакта күрөшкөн Сезим Жуманазарова күмүш медаль тагынышты. Ал эми Айжан Сабырбек кызы жана Бермет Нуридин кызы мелдеште 3-орунду ээлешкен. Мелдеш 28-30-май күндөрү Стамбул шаарында өттү.