Жаңылыктар
КТРКнын кызматкерлери Президенттин Ардак грамотасына ээ болушту
Кыргызстан жаңылыктары
КТРКнын кызматкерлери Президенттин Ардак грамотасына ээ болушту

Бүгүн,  "Ала-Арча"  мамлекеттик резиденциясында Президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана улуттук экономиканы чыңдоо жылынын жыйынтыктары боюнча республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу аземи болду. 

Мамлекеттик сыйлыктар менен кошо президент Алмазбек Атамбаев бардык сыйлангандарга 10 миң сомдон, өлгөндөн кийин сыйлангандардын үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон тапшырды. Каражат мамлекет башчысынын чечими менен президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүнгөн.

Мамлекет башчысы сыйлангандарды куттуктап жатып, "Кыргызстан элинин атынан кайратман жана ак ниет эмгегиңиздер үчүн, Мекенибизге болгон сүйүүңүздөр үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем”, - деп жылуу пикирин айтып өттү.

Сыйлык тапшыруу аземинде, өлкө башчынын колунан КТРКда көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген Нарынбек Күрөңбаев менен журналист Алмаз Касымалиев Ардак грамота менен сыйланышты.