Жаңылыктар
Бүгүн Рио-де Жанейродо аялдар арасындагы футбол боюнча оюндар башталат
Спорт
Бүгүн Рио-де Жанейродо аялдар арасындагы футбол боюнча оюндар башталат

Бүгүн Рио-де Жанейро шаарында 31-жайкы олимп оюндары алкагында аялдар арасындагы футбол боюнча оюндар башталат. Биринчи матчта А тобу боюнча Швеция менен Түштүк Африка Республикасынын топтору беттешет. 

Оюндар биздин убакыт боюнча саат 22:00дө башталат. Аялдар футболу боюнча чемпион - АКШнын курамасы. Бул жолку оюнга 12 команда катышат. Ал эми жайкы олимп оюндарынын расмий ачылышы 5-августтан 6-августка караган түнү болот. 

Эске сала кетсек, Кыргызстандан Бразилияга 19 спортчу жөнөп кетти. Алар спорттун 6 түрү боюнча мелдештерге катышат. Олимп оюндары 21-августка чейин Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Спорттун 33 түрүнөн 306 топтом медаль ойнотулат. Ага дүйнөнүн 206 мамлекетинен спортчулар катышаары күтүлүүдө.