Жаңылыктар
Шаар майрамга даярдыктарды көрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Шаар майрамга даярдыктарды көрүүдө

Бишкектин “Ала-Тоо” аянты майрамга даярдалып жатат. Андагы фонтанга жарык берүүчү лампалар алмаштырылып, мрамор плиталары менен тротуарлар тазаланууда. 

Эки айдан бери иштер тынбай жүргүзүлүп жатканы тууралуу шаардык башкармалыктан билдирди. Аянттагы бул иштер 20-августка чейин аткарылат. Ал эми 25-марттан бери Мамлекеттик тарых музейин оңдоп, түзөө иши жүрүүдө. Сырткы бетин оңдоо иштерин 31-августка чейин аяктоо пландалууда.