Жаңылыктар
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда эл аралык мелдешке катышат
Спорт
Грек-рим күрөшү боюнча  курама команда эл аралык мелдешке катышат

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Түркияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 17-20-июнь күндөрү Стамбул шаарында өтөт. Спортчулар мелдешке даярдануу максатында 5-17-июнь күндөрү Грузиянын Бакуриани шаарында өтө турган эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышат.