Жаңылыктар
Кыргызстан БУУ рейтингинде позициясын жакшыртты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан БУУ рейтингинде позициясын жакшыртты

Бириккен улуттар уюмунун рейтингинде Кыргызстан электрондук өкмөттү өнүктүрүү позициясын жакшыртты. 

Өлкөлөрдүн позициясы үч көрсөткүчтөн: онлайн кызматтарынын сапаты, телекоммуникациянын өсүү деңгээли жана жарандардын жеке капиталынын өлчөмү боюнча электрондук өкмөттүн өнүгүү индексине карата аныкталат. Анын жыйынтыгы 2 жылда бир ирет жарыяланып турат. Кыргызстан азыр 97-орунда, буга чеийн 101-орунда болгон. Белгилей кетсек, 193 мамлекеттин ичинен биринчи орунда Улуу Британия, экинчиде Австралия, ал эми Түштүк Корея 3-орунда. Эстония болсо 13-орунга көтөрүлгөн.