Жаңылыктар
Оштун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы чек арада жагдай чыңалган абалда турат
Чек ара
Оштун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы чек арада жагдай чыңалган абалда турат

4-июндун таңына карата Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак аймагындагы жагдай чыңалган абалда турат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, тажик тарап такталбаган тилкеге эч кандай макулдашуусуз контейнерин калтырып, өздөрү алыстап кеткен. Кыргыз тарап чек арадагы абалды жөнгө салууну чек ара кызматынын деңгээлинде чечүүгө аракет кылып жатат. Бирок, Тажикстандын аталган кызматы, расмий органдары телефон чалууларга жооп бербей жатканы кабарланды.Мындан улам УКМКнын чек ара кызматы кайтаруунун күчөтүлгөн тартибине өттү.