Жаңылыктар
Олимпиада: талисман катары өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү тандалды
Спорт
Олимпиада: талисман катары өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү тандалды

XXXI Жайкы Олимпиада оюндары 5-21-август күндөрү Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Ал эми бул саамалыктын алкагындагы футбол беттештери Бразилиянын 4 калаасында орун алат. Алар Белу-Оризонти, Бразилиа, Сальвадор жана Сан-Паулу шаары. Жайкы Олимпиада оюндары Латын Америкасы үчүн 2-ирет болмокчу. Акыркы жолу 1968-жылы Мехикодо өткөн. Азыркы тапты бир гана Африка чөлкөмүндө Жайкы Олимпиада оюндары болгон эмес.

Жайкы Олимпиада оюндарын өткөрүү үчүн 2007-жылдан баштап 8 шаар ат салышкан. Алар Баку, Доха, Мадрид, Прага, Рио-де-Жанейро, Токио, Чикаго жана Санкт-Петербург шаарлары. Бирок Кышкы оюндар Сочиде өткөндүктөн Россияны тизмеден четтетишкен. Добуш берүүнүн жыйынтыгында финалдык баскычка Рио, Мадрид, Токио жана Чикаго чыккан. Ал эми 2009-жылдын 2-октябрында Эл аралык Олимпиада комитетинин 121-сессиясында Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында Жайкы Олимпиада оюндарын өткөрүү чечимин кабыл алышкан.

Белгилей кетсек, Бразилия 1936, 1940, 2004 жана 2012-жылдары да Олимпиаданы өткөрүү ниетин билдирип келген. Маалым кыла кетсек, бул өлкөнүн азыркы таптагы аба ырайы +18 +19 градус жылуулукта сакталууда. Ал эми алардын убактысы Бишкек убактысына салыштырмалуу 9 саат артта. Андыктан мелдештерди көрүүгө кыргыз күйөрмандарына бир аз ыңгайсыздыкты жаратат.

Жайкы Олимпиада оюндарынын талисманы болуп өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү тандалды. Таймаштарды өткөрүү үчүн 4 зона иргелип алынды. Алар Барра, Деодоро, Маракана жана Копакабана. Дал ушул стадиондордо Олимпиаданын ачылышы жабылышы жана футболдук беттештери өтөт. Ал эми медалдардын саны 301ге жетти. Саамалыкка 206 өлкөнүн спорчтулары ат салышары күтүлүүдө. Түштүк Судан менен Косово Жайкы Олимпиадага биринчи ирет катышып жатканын да белгилей кетсек.

Усубалы Мамбетов