Жаңылыктар
Тажик тараптын чек ара тилкесиндеги аракети кооптондурат, - саясат таануучу Денис Бердаков
Чек ара
Тажик тараптын чек ара тилкесиндеги аракети кооптондурат, - саясат таануучу Денис Бердаков

Тажикстан тарап 4-июнда түнкү саат 03:00гө жакын Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак жергесиндеги кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкесине контейнер коюу менен Кыргызстандын аймагына 1000 метрге чейин ичкери кирип келген. Мындай кадам Бишкекти эле эмес, анын чегинен тышкары дагы кооптонууларды жаратууда деп эсептейт саясат таануучу Денис Бердаков.

«Россия сыяктуу эле Казакстан, Кытай жана Өзбекстан дагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитация жана демаркация маселесине олуттуу көңүл бурууда. Учурда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоонун катаал процесси жүрүп жатат. Чек ара кызматы жазгандай, таңкы саат үчтө техникаларды алып келүү, такталбаган тилкеге контейнер жана аскерлерди коюу, телефон чалууларга жооп берүүдөн качуу бул абалды өтө олуттуу курчуткандык болуп саналат. Бул коңшу өлкөлөр, ошондой эле Россия жана Кытай мамлекеттери тарабынан ачык эле терс кабыл алынат. Анткени, сөз болуп жаткан жерден Кытайга чейинки аралык бир нече жүз чакырымды гана түзөт. Ал жакта бүткүл Борбор Азия үчүн Кытай Эл Республикасына стратегиялык чыгуу жолу бар. Мунун бары үч өлкөнүн – Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек арасындагы анклавдар темасы менен тыгыз байланыштуу. Эң башкысы бул аймакта этникалык-диний-социалдык-экономикалык жактан эң татаал жерлердин бири Фергана өрөөнү жайгашкан. Бул аймакка бир гана тынчтык, өнүгүү жана биргелешкен соода гана зарыл», - деди саясат таануучу.